Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Атырау: чет өлкөлүк курулуш компаниясы элден кечирим сурады


Атыраудагы окуя.
Атыраудагы окуя.

Казакстандын Атырау облусунда арабиялык «Consolidated Contracting Engineering & Procurement S.A.L. Offshore» (CСЕР) компаниясынын директору Кауаш Хишам 1-июлда видеокайрылуу таратып, Теңиздеги окуя үчүн казакстандыктардан кечирим сурады.

29-июнда Атыраудагы Теңиз кенинде жумушчулардын катышуусунда жапырт башаламандык болгон. Кенде иштеген жергиликтүү жана чет элдик жумушчулар мушташкан. Ага кенде иштеген ливандык жарандын колундагы рацияны кыздын оозуна такап түшкөн сүрөтү «WhatsApp» тиркемеси аркылуу тараганы түрткү берген. Жергиликтүү кызматкерлер сүрөт мекендешинин намысына шек келтирди деп эсептешкен. Мушташта ондон ашык киши жеңил жараат алганы кабарланууда.

Жүздөгөн иорданиялык жана ливандык жумушчулар эвакуацияланган. Жумуш ордундагы жаңжалга эмгек шарттарынын бирдей болбой жатканы да себеп болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG