Саясатчы Адахан Мадумаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы бийликтин ортосундагы тиреш тууралуу кайрылуу таратты.
Ал аксакалдар, кыргыз эл баатырлары бул жагдайга жөн карап турбашы керек экенин, академиктер, акындар баштаган улуттун уюткулары Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековго арачылык кылышы зарыл экенин билдирди. Мадумаров кайрылуусун 1-июлда Интернетке жарыялап, эки тарап тең күнөөлүү экенин, президенттик шайлоо мыйзамсыз өтүп, анын жыйынтыгы ушул күнгө алып келгенин айтты.
Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери аталган азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилесине 2018-жылы доо кеткен.
Алмазбек Атамбаев Жээнбековду «үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түшүп, мурдагы санаалаштарына саясий кысым кылып жатканын» айтып жүрөт.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.
Жээнбеков өзү же президенттик аппарат жагдайга комментарий бере элек. (SE)