Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка ууланып, медицина кызматкерлерине кайрылгандар көбөйдү.
Дарыгерлерге кайрылган 93 кишинин 33ү ооруканага жатты. Алардын бирөө бала. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Азаттыкка» уулангандар Кочкор, Токмок аймактык ооруканасында, Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышканын билдирди. 39у аймактык ооруканаларда стационардык дарылануудан өтүп жатат. 50дөн ашуунуна амбулатордук жардам көрсөтүлдү.
- Жандандыруу бөлүмүндө эч ким жок. Керектүү дарыларды алып жатышат. Ашказандары жуулуп, бардык жардам көрсөтүлдү. Алардын абалы «орточо оор» деп бааланууда. Эмнеден ууланганын аныкташ үчүн эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Тамак-аштын үлгүлөрү лабораторияга алынды.
Буга чейин министрлик жекшемби күнү Токмок шаарына тойго барган 20 киши ууланганын билдирген.
Маалыматка караганда, жабыркагандар 29-июнда үлпөт тойго барышкан. Жалпы чакырылгандардын саны болжол менен 256 киши экени айтылууда. (КЕ)