Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:37

Текебаевдин уулу менен кызы бийликке суроо салышты


Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары аларды бошотууну талап кылган акциялардын бири.
Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары аларды бошотууну талап кылган акциялардын бири.

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин балдары Ай-Данэк менен Амантур атасына жалаа жабылганы тууралуу далилдерге бийлик кош көңүл карап жатканын айтып чыгышты.

Алар жасаган кыска иликтөөнүн видеосу «Фейсбуктагы» «Жалбырак ТВ- Сентябрь» баракчасына 2-июлда жарыяланды.

Саясатчынын балдары Текебаевге каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкерлер Алексей Модин менен Леонид Маевскийдин айткандары чындыкка дал келбей турганын, «Супара» этнокомплексинде жолугушканы да ойдон чыгарылганын билдиришти. Аты аталган кишилердин ошол кездеги чөнтөк телефондорунун номурлары кайсы аймактарда колдонулганын заманбап технологиянын жардамы менен далилдеп, тергөөдө алынган маалыматтарга коошпой турганын белгилешүүдө.

Маевский жана Модин Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда кечки саат беште шаардын сыртындагы «Супара» ресторанында жолугушканын айтышкан. Бирок «Нуртелеком» компаниясы берген документте алардын телефон номурлары »Супаранын» аймагында колдонулбаганы көрсөтүлгөн. Муну парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да айтып чыккан.

«Мындай далилдер ондоп саналат. Эмне үчүн Кыргызстандын бийлиги, Башкы прокуратура жана башка органдар муну эске албай жатат? Эмнеге алар чындыкты орнотпойт? Бул алардын негизги милдети эмеспи», - деп суроо салды Текебаевдин кызы Ай-Данэк.

Өмүрбек Текебаев коррупцияга байланыштуу айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Аны менен камалган мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да айыпталып, ушундай эле мөөнөткө камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG