Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

«Коопсуз шаар»: экинчи этаптагы сынакка төрт компания катышууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет 27-июнда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү боюнча конкурстук арыздарды ачты.

Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарына көзөмөл камераларын орнотуу каралууда. Комитет берген маалыматка ылайык, жалпысынан төрт компания арыз берген.

Алар: «Маалымат системасынын коопсуздугу» (Орусия), орусиялык «Вега» концерни, «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd.» (Кытай) жана «ALT Technology LLC» (Бириккен Араб Эмираттары).

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаарды” ишке ашырууда жарандардын пикирин эске алуу зарыл экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөт башчы долбоордун техникалык кемчиликтерине жана анын экинчи этабын ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланган учурда билдирди.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Келишим түзүлгөндөн кийин жалдоочу компания бир жыл ичинде бардык уруксатты алууга жана өлкөнү техникалык жабдуу, программалык комплекс менен камсыздоо системасын республиканын бардык аймактарына орнотууну камсыз кылышы керек.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дастан Догоевдин белгилешинче, долбоорду толук ишке киргизүү кийинки жылга пландаштырылган. Анда аппараттык-программалык 306 түйүн, анын ичинде 266 стационардык жана 40 көчүп жүрүүчү комплексин жабдыйт.

“Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырып жатат.

2019-жылдын аягына чейин долбоор республиканын бардык аймактарында иштей башташы керек. Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулары айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG