Баткенден мектеп окуучулары Тажикстандын Согди облусуна эс алууга жөнөтүлдү.
Кыргыз өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын өткөн жумадагы кызматтык жолугушуусунда чек ара аймагында достукту бекемдөө, эки элдин карым-катнашын чыңдоо максатында иш-чараларды уюштуруу макулдашылган.
1-июлдагы кабарга ылайык, Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы мектептерде жакшы окуган 18 окуучу Согди облусундагы "Бахористон" эс алуу борборуна жайкы эс алууга кетти.
Согди облусунун Исфара районунан эмгектин 18 ардагеринен, ардактуу инсандарынан турган топ Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жөнөтүлдү. (JsA)