Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Баткендик аксакалдар саясий кырдаал боюнча бийликке кайрылышты


Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков.
Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков.

Баткен районунун Чоңгара айылынан аксакалдар айыл тургундарынын атынан президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин депутаттарына Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы абалга байланыштуу кайрылышты.

Маалымат каражаттары аркылуу кайрылган аксакалдар тобу азыркы бийлик Алмазбек Атамбаев менен ортодо сууп кеткен алаканы сүйлөшүп, чечишип алганы дурус деп эсептешет. Алар Атамбаев бийликте турган кезде мектептер, жолдор курулуп, чек ара аймактарына да көңүл бурула баштаганын мисал келтиришти.

Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери деп аталган азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилесине 2018-жылы доо кеткен.

Алмазбек Атамбаев Жээнбековду «үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түшүп, мурдагы санаалаштарына саясий кысым көрсөтүп жатканын» айтып жатат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

Жээнбеков өзү же президенттик аппарат жагдайга комментарий бере элек. (JsA)

XS
SM
MD
LG