Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Навальный журналист Голуновду колдогон акцияга катышканы үчүн камалды


Алексей Навальный быйылы жылдын эсебинен биринчи ирет камалды.
Алексей Навальный быйылы жылдын эсебинен биринчи ирет камалды.

Орусияда оппозициячыл саясатчы, коррупцияга каршы блогдору, иликтөөлөрү менен белгилүү Алексей Навальный он күнгө камакка алынды. Москва соту 1-июлда аны өткөн айдагы уруксатсыз акцияда мыйзам бузганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Навальный 12-июнда журналист Иван Голуновду колдоого багытталган акцияда кармалган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Навальный жүздөгөн адам менен жүрүшкө чыгып, жолдорду тороп, транспортка жана жөө жүргүнчүлөргө жолтоо болгон. Навальный соттун чечимин «жагымсыз» деп баалап, бирок өз кадамын туура деп эсептей турганын «Твиттерине» жазды. Ал «баарыбыз унчукпай үйдө отура берсек, бул өзүм билемдик эч качан токтобойт» деп кошумчалады.

Бул Навальныйдын быйыл биринчи жолку камалышы. Соңку жылдары ал ар кандай себептер менен 12 жолу камалып, жалпысынан 200дөй күн темир тор артында өткөрдү.

Иван Голуновду колдоо акциясында жалпысынан 400дөй киши кармалган. «Медуза» басылмасынын иликтөөчүсү Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасы боюнча кармалып, үй камагына алынган. 11-июнда журналисттин кылмышка катышы далилденбегендиктен, кылмыш иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG