Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишин кароону улантууда. Ага Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып, УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жеткирилди. Мындан сырткары сотко президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да катышууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган соттун өкүлдөрү кабарлашты. Ишти судья Айбек Эрнис уулу карап жатат.
Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу соттук териштирүү 28-майда башталган. Өткөн отурум адвокаттын келбей калганына байланыштуу бүгүнкү күнгө жылдырылган.
Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталууда. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана экс-премьер-министр Сапар Исаков бар.
Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген.
Сапар Исаков буга чейин музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу камакта отурат. (КЕ)