Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Рысалиев Воронцовкадагы калыбына келтирүү борборуна которулду


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Ташдөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтуна которулду. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдирди. Анын айтымында, Рысалиев сөз болуп жаткан борборго бүгүн, 2-июлда которулган.

- Биз аны ооруканадан чыгарбай, дарылоосун улантуу үчүн которгонубузга караганда, демек ага негиз бар.

Июндун соңунда Олексюк Рысалиевдин абалы «орточо оор» бойдон экенин билдирген.

Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу 7-июнда Ички иштер министрлигине сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал алгач жандандыруу бөлүмүндө жатып, кийин палатага которулган.

Батукаев бошотулган учурда Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG