Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:28

Ысык-Көлдө мигранттардын укуктарын үйрөткөн лагерь уюштурулду


Лагердин катышуучулары кезектеги тапшырмалардын бирин аткарып жаткан кези.
Лагердин катышуучулары кезектеги тапшырмалардын бирин аткарып жаткан кези.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Тосор айылында мигранттардын укуктарын, алардын сакталышын үйрөткөн лагерь уюштурулду. 24-28-июнга чейин эс алуучу жайлардын биринде өткөн тренингде мигрант-ыктыярчылардын тажрыйбасы, мигранттардын мекенин өнүктүрүүгө кошкон салымы, мамлекет жана шайлоо, мигранттардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы окутуу болду.

Адистер көндүмдөрдү акыл чабуулу, баарлашуу, видео, оюндар аркылуу жеткиргенин уюштуруучулар кабарлашты. Андан тышкары, катышуучулардын талантына жараша сессиялар болуп, ыр-күү, жөө саякаттар өткөрүлдү.

Мигранттар үчүн лагерь Эл аралык миграция уюму/Бириккен улуттар уюмунунун миграция боюнча агенттигинин колдоосунда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES) менен биргеликте АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосунда ишке ашырылды.

XS
SM
MD
LG