Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:02

Иркутскидеги ташкындан 16 адам ажал тапты

Суу ташкында калган Иркутск.
Суу ташкында калган Иркутск.

Орусиянын Иркутск облусундагы ташкындан кийин дагы тогуз адамдын дайыны чыкпай жатканын "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлады. ТАСС болсо 14 адам өлүп, дагы 13ү кайда экени белгисиз болуп жатканын жазды.

Суу каптаган райондун тургундары ажал тапкандар расмий маалыматтарда айтылгандан да алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмү билдиргендей, кырсыктан кийин медициналык жардам сурап миңден ашуун адам кайрылып, алардын 200дөйү адам ооруканага жаткырылды.

2-июлга карата Иркутскидеги үч райондо 42 калктуу конуш дагы эле суу алдында жатат.

Өткөн жумада Иркутск облусунда нөшөрлөп жааган жаандан улам беш чоң дарыя ашып-ташып, суу ташкындай баштаган.

XS
SM
MD
LG