Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Бекназаров: Атамбаевдин маселесин сот гана чечиши керек


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү боюнча видео кайрылуу таратты. Ал Атамбаевдин маселесин сот гана чечиши керек экенин айткан. «Аны калыс, мыйзамдуу жана ар тараптуу өткөрүүгө аракет кылыш керек» деп эсептейт Бекназаров.

«Аларды жараштырыш, кылмышты жаап коюш коомчулукта туура эмес кабыл алынат. Экинчиден, дүйнө жүзү карап турат. Ошондуктан Атамбаев менен Жээнбековду акыл-эстүүлүккө чакырат элем. Жээнбековду сотту калыс жүргүзүп, мурдагы президенттер кетирген каталарды кайталабай, бир тараптуу өкүм чыгара койбой, кылдаттык менен иликтеп, Атамбаевдин күнөөсү бар-жогуна сот аркылуу гана чекит коюуга чакырам. Бул үчүн Жээнбеков кепилдикте туруп башкы прокурор, сот менен бирдикте, Атамбаевди камабай, үй камагына коюп, мамлекеттик резиденцияда үй-бүлөсүнүн, өзүнүн коопсузугун камсыз кылыш керек. Анын сотко, тергөөгө катышуусуна толук мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек».

Ошондой эле ал Атамбаевге кайрылып, элди таратып, сот аркылуу ак экенин далилдөөгө чакырды.

Мунун алдында саясатчы Адахан Мадумаров да мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы бийликтин ортосундагы тиреш тууралуу кайрылуу тараткан.

Ал аксакалдар, кыргыз эл баатырлары бул жагдайга жөн карап турбашы керек экенин, академиктер, акындар баштаган улуттун уюткулары Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековго арачылык кылышы зарыл экенин билдирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Алмазбек Атамбаев өзү 3-июнга белгиленген тынчтык митингине катышарын, азыркы бийлик мыйзамсыз аракеттерге барып жатканын штабдагы тарапташтары менен жолукканда билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG