Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Чехия орус учактарына 7-июлга чейин учууга уруксат берди


«Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы.
«Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы.

Чехиянын Транспорт министрлиги 2-июлда орусиялык авиакомпанияларга Прага менен Карловы Варыга учууга 7-июлга чейин уруксат берди. Мунун алдында эле чех өкмөтү «Аэрофлот», «Урал аба жолдору» жана «Победа» авиакомпанияларына бул шаарларга учууга убактылуу тыюу салганы белгилүү болгон.

Буга эки өлкөнүн транспорт мекемелеринин ортосунда өз ара келишимдин жоктугу себеп болгону айтылган.

Чехиянын Транспорт министрлигинин өкүлү Франтишек Емелка «Азаттыктын» орус кызматына билдиргенине караганда, бул Орусиянын чех учактарына Сибирге учууга тыюу салганына байланыштуу чечим болгон. Анын айтымында, мындай кадамдын айынан чехиялык авиакомпаниянын Прага-Сеул каттамы үзгүлтүккө учураган.

- Биз 7-июлга чейин эки тарапты тең канааттандырган орток пикир, чечим табылат деп ишенебиз, - деди Франтишек.

2-июлда эртең менен «Аэрофлоттун» Москва-Прага-Москва каттамындагы төрт рейси, «Победа» авиакомпаниясынын Москва-Каловы Вары каттамындагы бир рейси үзгүлтүккө учурады.

XS
SM
MD
LG