Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Сууга аккан үй-бүлөнү табууга жүздөн ашуун адам тартылды

Суусамыр.
Суусамыр.

Суусамырдагы Көкөмерен суусуна машинеси менен кошо агып кеткени айтылган үй-бүлөнү издөөгө 93 куткаруучу жана 20 жөнөкөй тургун тартылды.

Болжолдуу кабарларга ылайык, «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү машинеде өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен келаткан. Алар кырсыкка кабылып, сууга кулаган бойдон дайынсыз.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя болгонун айтты. Милиция жолтандабаста Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү болушу ыктымал экенин четке каккан жок.

Туугандарынын айтымында, машинеде беш киши бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Молдакун Абдылдаев 2014-2018 президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG