Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

«Фейсбук» жалган маалымат таратууга каршы чараларды жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

«Фейсбук» социалдык тармагы жарыялаган жаңы чараларга ылайык, маселен, добуш бербөө тууралуу чакырыктарды жайылтууга болбойт.

Мындай чаралардын башкы максаты - АКШда 2020-жылдагы президенттик шайлоо маалында жана эл каттоо өнөктүгү учурунда ар кандай будамайлап-бурмалоого жол бербөө болуп саналат.

Былтыр «Фейсбук» шайлоого, добуш берүүгө байланыштуу жалган маалымат камтылган жарнамалык материалдарды, билдирүүлөрдү жарыялоого тыюу салган.

Бул социалдык тармак АКШда 2016-жылы президенттик шайлоо убагында жалган, такталбаган маалыматтардын тарап кеткенин тыя албаганына, жетиштүү чара көрбөгөнүнө байланыштуу сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG