Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Кыргызстанда жарым жылда 57 адам сууга чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2019-жылдын башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдиргендей, анын он сегизи 12 жашка чейинки балдар, он экиси өспүрүмдөр.

- Ошол 57 кишинин 30у жайкы мезгилде ар кандай себептер менен чөгүп кетишкен, - деди ал.

Министрлик шар аккан сууга, терең саздарга жана көлдөргө түшпөөгө кеңеш берип, дем алыш үчүн табият койнуна чыкканда сүзүш үчүн сууда сүзө турган кемселдерди кийип алуу зарыл экенин эскертет.

Ушул күндөрү чөнтөк телефондорго балдарды суудан этияттоого чакырган эскертмелер жөнөтүлүп жатат.

2018-жылы Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Булардын ичинен Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кырсык көп катталган. Каза тапкандардын 80и адам жай мезгилинде чөккөн. (SE)

XS
SM
MD
LG