Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Бишкек мэри митингдерден баш тартууга чакырды


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов тургундарды митингдерге катышуудан баш тартууга чакырды. Эл арасында ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү райондук администрация жетекчилерине, квартал башчыларга жана үй комитетинин башчыларына тапшырганы тартылган видеону 24.kg агенттиги жарыялады.

Калаа башчы бул пикирин 1-июлдагы жыйында айткан:

- Бүгүнкү саясий кырдаалды көрүп жатасыңар. Ошондуктан, эмгек жамааттары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, саясатка аралашпай, саясат менен алектенбей, чарбалык иштерге көңүл бурушу зарыл. Бишкекке бейпилдик керек, бизге митингдер керек эмес.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында 3-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митинг уюштурарын кабарлашкан. Ага Атамбаев өзү да катышмакчы.

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев болсо Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча штаб түзгөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG