Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу укук коргоо органдарынын видеосу коомдук «Ала-Тоо 24» телеканалында 2-июлда жарыяланды. «Көлөкө. Инвесторлордун мүлкүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» деп аталган программада Арабаев Раиса Атамбаева андан курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү суранганын айткан.
Ошондой эле Атамбаевдин жубайы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып жаткан Элвира Жаркееваны колдоону да өтүнгөнүнө токтолгон.
Телеберүүдө инвесторлордун мүлкүн рейдерлик жол менен тартып алууга экс-президенттин эң жакын адамдары, жубайы, анын баласы аралашканы айтылган. Манасбек Арабаев тергөө менен кызматташып жатканы да белгиленген.
Атамбаевдин бийлигинин тушунда «соттордун аталыгы» атыккан жана «судьялардын чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет» деген сынга кабылган Арабаевди быйыл 2-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Коррупция» беренеси менен камакка алган.
Ал былтыр майда «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген негизде жумуштан бошотулган. УКМК анын кармалышынын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген эмес. Арабаев «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынганын гана билдирген.
Манасбек Арабаевдин адвокаттары жана жакындары анын камалганына байланыштуу ушу күнгө чейин комментарий бере элек.
Алмазбек Атамбаев буга чейин Кой-Таштагы үйүндө чогулуп турган тарапкерлери менен жолуккан учурда Арабаевдин камалышы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «эгер ал күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп берсин, бирок далилдер жетиштүү болушу керек» деп айткан. (NT)