Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Атамбаев жана анын тарапкерлери митинг өткөрүшөт


Алмазбек Атамбаев. Кой-Таш. 27-июнь, 2019-жыл.

Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында бүгүн «эски элитага каршы» тынчтык митинг өтөт. Бул тууралуу митингди уюштуруп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, митингде «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык бийликке ташталат. Ага Атамбаев өзү да катышарын билдирген.

Бийлик Атамбаев жана анын тарапкерлеринин митинг тууралуу маалыматына расмий комментарий бере элек.

27-июнда Жогорку Кеңештин Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мурдагы президенттин ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө топтолуп турушат. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (32)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG