Ушул күндөрү Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Түштүк Америка өлкөлөрүнүн кубогу жарым финалдык оюндарга жетти.
Бүгүн таңкы саат алтыда Бразилия менен Аргентинанын курама командалары финалга жолдомо алыш үчүн ойношту.
Курамына Лионел Месси кошулганына карабай, Аргентинанын футболчулары үй ээсине 0:2 эсебинде утулуп калды. Ал эми Бразилиянын курама командасындагы эң мыкты оюнчу Неймар алган жараатына байланыштуу ойногон жок.
Оюндун жүрүшүндө биринчи таймда алгачкы голду Габриэл Жезус киргизсе, экинчи гол 71-мүнөттө Фирмино тарабынан киргизилди.
Бразилиянын финалдагы атаандашы эртең Перу жана Чили өлкөлөрүнүн оюнунан соң билинет. (SDz)