Бишкек милициясы шаардын чок ортосунда чет элдик жарандын катуу сабалганы боюнча фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Токтосунов билдирди. Анын айтымында, катуу сабалып, учурда Улуттук госпиталда жаткан адам Нигериянын жараны. Кылмышка шектүүлөр табыла элек. Издөө-тергөө иштери башталды.
Буга чейин шаардын борборунда айрым адамдардын эс-учун жоготуп жаткан ынды кара кишиге жардам берип жатышкан видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда окуя 2-июлда, саат 16:30дарда болгону белгиленет. (КЕ)