АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 2-июлда Вашингтонго расмий сапар менен барган Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен жолукту.
Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Морган Ортагус «Помпео Казакстандын Сирияга кеткен жарандарын кайтаруу жана коомго аралаштыруу боюнча жасап аракеттерин жогору баалаганын жана мындай тажрыйбасы менен башка мамлекеттер менен бөлүшүүгө чакырганын» билдирди.
Казак бийлиги ушул жылдын башында Сириядагы жарандарын кайтаруу операциясын баштаган. Анын алкагында май айында Сириядан жүздөй жаран бала-чакасы менен келгени белгилүү болгон. Атайын операциянын негизинде 350дөн ашык бала алынып келгени маалымдалган.
Анткен менен Сириядан кайткан ондогон адамга террорчулук айыбы менен кылмыш иши козголгон.
Өлкөнүн коопсуздук кызматы Сирия менен Иракка жалпысынан 800дөй жаран кеткенин билдирген.