Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

АКШда эгемендик күнүндөгү аскердик парадга танктар катышат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн эгемендик күнүндө танктардын катышуусунда аскердик парад уюштурууну чечти.

Абрамс танктары баш калаага Жоржия штатындагы базадан темир жол аркылуу жеткирилди. Бирок Вашингтон шаарынын бийлиги 60 тонналык машиналар жолдорду талкалап салат деп чочулап жатат.

Парадга аскердик кыргын салуучу учактар, тик учактар жана президенттин учагы да катышышы мүмкүн. Трамп парад маалында трибунада анын жанында Куралдуу күчтөрдүн бардык түзүмдөрүнүн кол башчылары турсун деген каалоосун айтты.

Трамптын атаандаштары аны «республикачылардын пайдасына саясий тең салмакты бузуп, майрамды шайлоо алдындагы иш-чарага айлантууда» деп сындап чыгышты.

АКШ эгемендик күнүн 4-июлда белгилейт.

XS
SM
MD
LG