Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Канада Донбасстын тургундарынын орус паспортторун тааныбайт


Владимир Зеленский менен Жастин Трюдо.
Владимир Зеленский менен Жастин Трюдо.

Канаданын тышкы иштер министри Христя Фриланд өзүнүн өлкөсү Орусияга ыктаган жикчилдер көзөмөлдөгөн Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын жарандарынын орус паспортторун тааныбай турганын айтты. Москванын украин жарандарына өз паспортун берүү аракетин ал «Орусиянын Украинага жасаган кезектеги агрессиясы» катары сыпаттады.

Министр аталган облустун тургундары украин паспорттору менен Канадага келип-кетишине тоскоолдук жок экенин билдирди.

Канада Донбасстын тургундарынын орус паспортторун качан алганын кантип аныктаары азырынча белгисиз.

Апрель айынын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн райондордун жашоочуларына орус паспортун берүүнү жеңилдетүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский буга жооп кайтарып, ал да «эркиндик үчүн күрөшкөн, коррупциялык режимден жабыркаган» орусиялыктарга паспорт бере турганын жазган.

Украин өкмөтү орус паспортун алган украиналыктар социалдык төлөмдөрдөн жана пенсиядан кур калышарын айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-июлда Канадага расмий сапар менен барды жана премьер-министри Жастин Трюдо баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукту.

XS
SM
MD
LG