Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:31

Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу үчүн уюштуруу комитети түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жайыл районунда Көкөмерен суусуна машинеси менен кошо агып кеткени айтылган өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка караганда, өкмөттүн облустагы өкүлү Алтынбек Намазалиев бүгүн, 3-июлда Абдылдаевдин машинесин издеп табуу иштери боюнча чукул жыйын өткөрдү. Маркумдун зыйнаты качан, кайсы жерде болору азырынча айтыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-июлда Көкөмерен суусунан 59 жаштагы М.А. аттуу жаран жана айдоочу табылганын билдирген. Маалыматтарга караганда, дарыяга түшүп кеткен «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү автоунаада Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен келе жаткан. Машинедеги үч киши табыла элек.

Туугандарынын айтымында, машинеде беш киши (3 эркек, 1 аял, бир бала) бараткан. Алар акыркы жолу кырсык болгон аймакка жакын жерден телефондон байланышкан.

Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG