Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Кремль кырсыктаган кеме тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков 14 деңиз аскеринин ажалына себеп болгон суу алдындагы кеме тууралуу маалымат берилбей турганын айтты. Песков муну мындай маалыматтын купуялыгы менен түшүндүрдү. Ошондой эле деңиз аскерлери кандай тапшырма менен жүргөнүн да айткан жок. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады.

Бирок орус бийлиги кемедеги өрттөн ажал тапкан деңиз аскерлери Санкт-Петербургдан барган офицерлер экенин ырастады. Бул тууралуу аталган шаардын башчысынын милдетин аткаруучу Александр Беглов жазды.

1-июлда Баренц деңизинде Түндүк аймактык Аскер-деңиз флотунун жоокерлери суунун тереңинде илимий изилдөө менен алектенген аппаратта чыккан өрттөн каза болгон. Кырсык тууралуу маалымат 2-июлда ачыкка чыккан.

Владимир Путин Аскер-деңиз флотунун жоокерлеринин өлүмү менен аяктаган кырсыкты иликтөөнү коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырды.

XS
SM
MD
LG