Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Премьер-министр Нигериянын жаранын сабагандарды табууну тапшырды


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын борборунда Нигериянын жаранын сабаган күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырды. Өкмөт башчы шашылыш түрдө чуулуу окуяга тиешеси бар күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп мыйзам жоопкерчилигине тартууга тийиш экенин белгиледи.

Абылгазиев жабыр тарткан Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттык сактоо министрлигине табыштады.

Улуттук госпиталдан алынган маалыматка караганда, жабыркаган нигериялык жаран азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын мээси жабыркаган жана операция кылууга болбой турган жаракат алган.

Буга чейин шаардын борборунда айрым адамдар эс-учун жоготуп жаткан ынды кара кишиге жардам берип жатышкан видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда окуя 2-июлда, саат 16:30дарда болгону белгиленет.

Бишкек милициясы шаардын чок ортосунда чет элдик жарандын катуу сабалганы боюнча фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Катуу сабалып, учурда Улуттук госпиталда жаткан адам Нигериянын жараны экени айтылган. Кылмышка шектүүлөр табыла элек. Издөө-тергөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG