Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Карамушкина: парламенттин тарашын талап кылабыз


Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина парламенттин тарашын талап кылышарын бүгүн, 3-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анык тарапкерлери Бишкекте өткөрүп жаткан митинг учурунда билдирди. Ал «парламенттин соңку жыйыны Кыргызстанда мыйзам бузулуп жатканда депутаттарга ишенүүгө болбой калганын көрсөттү» деп билдирди.

«Медиа Форумда» өткөн митингге Алмазбек Атамбаев өзү да катышууда. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Карамат Орозова, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын азыркы төрайымы Асел Кодуранова жана мурдагы парламент депутаты Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар келди.

Уюштуруучулар митингде бийликке «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташташарын айтышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков же анын аппараты Атамбаев менен анын тарапкерлеринин митинги тууралуу маалыматка расмий комментарий бере элек.

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG