Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков оппозиция менен бийликти диалогго чакырды. Ал бул тууралуу Бишкекте, «Медиа Форум» имаратында өтүп жаткан, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары уюштурган тынч митингде сөз сүйлөп жатып билдирди:
- Мен президенттен суранар элем: али да болсо кеч эмес, диалогго, тегерек үстөлгө отуралы. Кыргызстан оор саясий кризиске келип такалды. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Биз оппозиция катары баарыбыз биригип, бийликке каршылык көрсөткөндү, сындаганды, туура эмес нерсесин айтканды үйрөнүшүбүз керек. Мына ушул жакшы мамлекет болуп эсептелет. Бийлик жаңы оппозицияга чыдаганга, камабаганга, күч колдонбогонго аракет кылса өзүнө жакшы болуш керек. Биз Атамбаевди басмырлабастан, анын күчтүү оппозиция болушуна шарт түзүшүбүз керек.
Жээнбеков бийликти УКМКнын, соттордун, прокурорлордун коркутуусу менен эмес, жаңы идеясы барларды тандоо менен иштөөгө чакырды.
Уюштуруучулар митингге 1,5 миңден ашуун киши катышып жатканын айтышууда. Аны чагылдырып жаткан журналисттер катышкандардын саны 1000дин тегерегинде экенин айтып жатышат.
Уюштуруучулар митингде бийликке «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташташарын айтышкан. Жыйынтыгында бир нече талаптар белгиленген резолюция кабыл алынары айтылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков же анын аппараты Атамбаев менен анын тарапкерлеринин митинги тууралуу маалыматка расмий комментарий бере элек.