Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Давид-Мария Сассоли Европарламенттин төрагасы болуп шайланды


Европарламенттин жаңы төрагасы Давид-Мария Сассоли.
Европарламенттин жаңы төрагасы Давид-Мария Сассоли.

Европа парламентинин жаңы курамы 3-июлда спикер кылып италиялык Давид-Мария Сассолини шайлады. Ал экинчи айлампада үч атаандашынан көп добуш алып утуп чыкты. Сассолинин талапкерлигин 345 депутат колдоду, бул Европарламенттеги жалпы депутаттардын теңине жакынын түзөт.

Мунун алдында Европанын лидерлери «эки башкы кызматты аялдар ээлесин» деген Франциянын президенти Эммануэл Макрондун сунушуна макул болушкан. Ошондон улам Европа Комиссиясынын жетекчилигине Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен жана Европа борбордук банкынын төрагалыгына Кристин Лагард көрсөтүлгөн.

Европарламенттин жаңы спикери Давид-Мария Сассоли италиялык башкы басылмаларда 20 жыл журналист болуп иштеген. 2009-жылы оңчул-центристтик Демократиялык партиянын тизмеси депутат болуп келген. Ошондон бери Европарламенттин эки курамында депутат болгон.

XS
SM
MD
LG