Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

Шыкмаматов: Атамбаев - ультрарадикал оппозиция


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов Бишкекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштурган тынч митинг жана анда айтылган пикирлер боюнча «Азаттыктын» суроосуна жооп берди. Ал Атамбаев бийликти бир тараптуу сындаган ультрарадикал оппозиция болуп жатканын айтты. Ошондой эле андан экс-президент макамынын алынышы, андан кийинки иштер боюнча Башкы прокуратура элге маалымат берип турушу керек деп эсептейт.

- Саясий кризис дегенге кошулам, - деди ал. - Саясий тирешүүнү көрмөксөн-билмексен болуп коюу мүмкүн эмес. Чынында эле эл арасында бөлүнүү бар, пикирлер бирдей эмес. Бүгүн саясий кризистин босогосунда турабыз. Парламент кол тийбестикти алды. Эми күч органдарында жоопкерчилик бар. Ошондуктан тез аранын ичинде кылмышы барбы-жокпу, элге айтып, тынчытыш керек. Мындай учурда башкы прокурор басма сөз жыйынын өткөрүп, коомчулукка эмне иш болуп жатканын айтып турушу керек эле. Азыр баары оозуна талкан салып алгандай унчукпайт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштурган тынч митингде сөз сүйлөгөн саясатчы Равшан Жээнбеков Атамбаевди басмырлабай, анын күчтүү оппозиция болушуна шарт түзүү зарыл экенин белгилеген. Ошондой эле бийлик менен оппозицияны диалогго чакырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG