Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Өзбекстан: мурдагы башкы прокурор үй камагына чыкты


Отабек Муродов.
Отабек Муродов.

«Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги жана башка ишенимдүү булактарына таянып, өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов үй камагына чыгарылганын жазды. Ага ылайык, Муродов күнөөсүн мойнуна алды жана тергөө менен кызматташууга макул болду. Ошондой эле өлкөдөн эч кайда чыкпоо, Интернет колдонбоо өңдүү талаптарга көндү.

Өзбек бийлиги мурдагы башкы прокурорго байланыштуу соңку жагдай тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

2018-жылдын январынан бери башкы прокурор болуп иштеп жаткан Муродов кызматтан 20-июнда кызматтан алынган. Ал бардык сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратылган.

Ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу жана берүү» айыптары боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Президент Шавкат Мирзиёев Муродов анын ишенимин актабаганын айткан.

XS
SM
MD
LG