Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:05

Ак-Сайдын тургундары Ворух-Исфара жолун бууп турушат


Баткендеги Ак-Сай айылы. 2019-жылдын апрелинде тартылган сүрөт.
Баткендеги Ак-Сай айылы. 2019-жылдын апрелинде тартылган сүрөт.

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынын жашоочулары бүгүн, 3-июлда коңшу өлкөнүн Исфара аймагын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду бууп коюшту.

Буга бүгүн аксайлык ишкерди тажикстандык жаран сабап качып кеткени түрткү бергени айтылууда.

Маалыматтарга караганда, жабыркаган ишкер өзүнүн май куйган бекетинде тажикстандыктын автоунаасына газ толтуруп жаткан учурда коңшу өлкөнүн башка бир жараны келип, таяк менен башка чаап, андан кийин машинесине отуруп качып кеткен. Жергиликтүү ишкер жаракат менен ооруканага жаткан. Окуянын болгонун Ак-Сай айыл аймагынын да, Баткен облустук бийлигинин өкүлдөрү да расмий тастыкташты.

Азыр окуяны жөнгө салыш үчүн Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. Тажик тарап талкаланып калганы айтылган Кыргызстандын жаранына таандык автоунааны жана башка чыгымдарды төлөп бермей болгон.

Тажикстандын бул окуя боюнча пикири азырынча белгисиз. (JsA/NT)

XS
SM
MD
LG