Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Кылычбек Султан УКМКга 4-июлда да сурак берет


Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) сурактан чыкты. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакуновадан алынган маалыматка караганда, ал бүгүн төрт саат суракта болду. Сурак эртең, 4-июлда да уланат.

Адвокат да, Кылычбек Султан да сурактын жүрүшү тууралуу маалымат таратпоо жөнүндө тилкат жазып берген. Мындан улам Токтакунова анын УКМКга эмне үчүн чакырылганынын чоо-жайын айткан жок.

Буга чейин УКМК Кылычбек Султан мурда козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын билдирген. Бирок кайсы кылмыш иши жөнүндө сөз болуп жатканы азырынча маалым эмес.

Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган. Андан бери ал азыркы бийликтин дарегине сын айтып келе жатат.

2-июлда ал мурдагы президентке тилектештик билдирип, Кой-Таш айылына чогулгандардын алдына барган жана Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан. (NT)

XS
SM
MD
LG