Ирандын президенти Хасан Роухани 3-июлда өз өлкөсү уранды байытууга киргизилген чектөөлөрдү сактабай турганын, 7-июлдан тартып анын көлөмүн белгиленген лимиттен өзү каалагандай көбөйтөөрүн айтты. Ал АКШны өзөктүк келишимди кайра таанууга чакырды.
Роухан Вашингтон менен макулдашууга жетишилсе, чечим “бир сааттын ичинде” жокко чыгарыларын белгилеп, эл аралык коомчулукту тынчсызданбоого чакырды. Анын билдирүүсүндө, АКШ Иранга карата санкцияларды жеңилдетпесе, Арак шаарындагы реактордун иши калыбына келтирилет.
Арактагы реактордун иши 2015-жылда Иран менен дүйнөнүн ири державалары түзгөн келишимдин негизинде токтотулган.
Ал кезде Тегеран аз байытылган урандын 3,6 пайыздык чегин сактоого макул болгон. Бул чек өзөктүк курал эмес, электр энергиясын өндүрүүгө шарт түзөт.
Буга чейин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Ирандын 2015-жылдан бери биринчи жолу аз байытылган урандын чегин көбөйткөнүн ырастаган.