Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:55

Араванда кутурмага байланыштуу шек менен жети киши ооруканага жаткырылды


Иллюстрациялык сурөт.
Иллюстрациялык сурөт.

Ош облусуна караштуу Араван районунун Нурабад айылынын жети тургуну кутурмага байланыштуу шек менен ооруканага жаткырылды. Алардын бардыгын 2-июлда саат 19дарда кутурган болушу мүмкүн деген ит капкан. Манжасын ит капкан аялга операция жасалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы, атайын түзүлгөн штабдын жетекчиси Санабар Турудкулова билдирди. Иттин башы экспертизага жөнөтүлгөн, жыйынтыгы келе элек.

Бул Араванда кутурмага байланыштуу катталган экинчи учур. 21-июнда дагы бир ит малды жана эки кишини капкан. Экспертизанын жыйынтыгында анын кутурмасы бар экени аныкталган. Ушундан кийин атайын штаб түзүлгөн. Учурда аталган аймакта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Облус боюнча 3,5 миңдей ит капкан учур катталган. Былтыр кутурган ит каап алган студент жигит убагында дарыланбай кайтыш болгон. (ZKo/КЕ)

XS
SM
MD
LG