Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

«Газпром» Түркмөнстандан кайра газ сатып ала баштамай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын «Газпром» компаниясы «Түркмөнгаз» менен 2024-жылга чейин газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, Орусия Түркмөнстандан жылына 5,5 миллиард куб метр газ сатып алмакчы. Келишимге кол коюлганга чейин эки мамлекет 2,5 ай бою 1 миллиард 200 миллион кубометр газ сатып алуу жөнүндө убактылуу макулдашкан эле.

Орусия мурда түркмөн газынын негизги кардарды болгон. Кытай Орусияны газ базарынан сүрүп чыгарып, 2015-жылы «Газпром» жыл сайын сатып алына турган 10 миллиард куб метр газдын көлөмүн төрт миллиардга түшүргөн. 2016-жылы баа талашынан улам Түркмөнстан газ сатууну токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG