Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Тбилисиде демонстранттардын митинги уланууда


Грузиянын баш калаасы Тбилисиде демонстранттар ички иштер министри Георгий Гахариянын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Демонстранттар 20-июндагы митингде күч колдонулганын катуу айыптап жатышат. Ошол күнү Орусиянын саясий таасирине нааразы болуп чыккандарды полиция желим ок менен аткан. Митингге чыккандар парламенттин имаратына чабуул койгондо полиция күч колдонуп, 240 адам жабыркаган.

Митингдер эки жумадан бери күндө уланып жатат. Уюштуруучулар митингдин тактикасын өзгөртөрүн билдиришти. Оппозициянын лидерлеринин бири Гига Макаришвили 3-июлда «Азаттыкка» кабарлагандай, мындан ары «партизандык тактика» колдонулмакчы. Тагыраак айтканда, ички иштер министри кайда барса да демонстранттар анын артынан ээрчип, кызматтан кетишин талап кыла беришет.

- Күн сайын кечинде акциялар маалында биз чоң мобилдик экрандан Орусиянын саясаты тууралуу тасмаларды көрсөтүп турабыз. Орусиянын Грузияга үстөмдүк кылуу аракети тууралуу китеп жазган авторлор менен жолугушуулар уюштурулат, - деди Макаришвили.

20-июндагы нааразылык Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун айынан тутанган. Ал Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Оппозиция Гавриловдун парламентте төрдө спикердин ордуна отуруп алып жыйын өткөргөнүнө кыжырданган жана алар муну Грузияны сыйлабастык катары баалап жатышат.

Бул окуядан кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклия Кобахидзе кызматтан кеткен.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Алар аны жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG