Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Гибралтар: Сирияга чийки мунай ташып бараткан танкер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Гибралтардын бийлиги Евробиримдиктин санкцияларын бузуп, Сирияга чийки мунай ташып баратат деген шек менен «Grace 1» аттуу танкер кармалганын билдирди. Танкер Панаманын желеги алдында бараткан.

Кеме мунайды Сириядагы «Баниас» аттуу мунай иштетүүчү заводго жеткирип бараткан деп шек саналып жатат. Бул заводго Европа Биримдиги жана АКШ санкция киргизген.

«Reuters» өз булактарына таянып кабарлагандай, мунай Ирандан жиберилген болушу мүмкүн.

«Grace 1» - бул сингапурдук компания башкарган, салмагы 300 миң тоннага жеткен, Панаманын желеги алдында сүзгөн танкер.

Иран менен Орусия Сириянын президенти Башар Асадга колдоо көрсөтөт. Сирияда тогуз жылга созулган согушта 370 миң адам курман болуп, миллиондогон адамдар жер которгон.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG