Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Жалал-Абаддын мэри шаар тургунун сабап койгону кабарланды


Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаанын бир тургунун «сабап койгону» тууралуу маалыматты милиция иликтей баштады.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркаган адам окуя тууралуу оозеки айткан, арыз жазган жок.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 3-июлда факт катары катталып, Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен териштирүү жүргүзүлүүдө. Баштапкы кабарларга ылайык, окуя мэрдин туугандарына таандык мончодо болгон.

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы мушташка Тагаев аралашпаганын, бул куру доомат экенин айтты.

Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарына 2018-жылдын 11-июнунда мэр болгон. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG