Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Орусиянын президенти Владимир Путин Римде жүрөт


Владимир Путин.
Владимир Путин.

4-июлда Путин Италиянын президенти Сержо Маттарелла жана премьер-министри Жузеппе Конте менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Орусиянын лидери НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон Италия менен экономикалык байланышты бекемдөөгө умтулуп жатат. Ошондой эле Путин Ватиканда Рим папасы менен жолугушат.

ТАСС агенттигиндеги маегинде Жузеппе Конте буларды айтты:

- Мени былтыр октябрда Москвада абдан жылуу тосуп алышкан. Ошол меймандостук үчүн жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Эки тараптуу мамилелерди жана аларды жакшыртуунун жолдорун талкуулайбыз.

Путин Ватиканга түштөн кийин барышы күтүлүп жатат. Бул ушуну менен Путиндин Рим папасы менен үчүнчү жолугушуусу болот. Экөө глобалдык маселелерди жана католик менен орус православ чиркөөлөрүнүн ортосундагы мамилени талкуулай тургандыгы кабарланды.

XS
SM
MD
LG