Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Жээнбеков баткендиктерди чагымчылыкка алдырбоого чакырды


Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолукту. 4-июль, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен 4-июлда жолуккан учурда аларды ар кандай чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы чек ара маселеси боюнча сүйлөп жатып билдирди.

- Чек аранын бекем болушу ушул жерде жашаган элдин кайраты, майтарылбас эрки менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй - бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз, - деди Жээнбеков.

Ал чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан менен көптөн бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, чек арабыз 85 пайызга такталганын кошумчалады.

Жээнбеков учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жакында Кыргызстанга келе турганын белгиледи.

Ал чек арага жакын жашаган баткендиктерге мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди, бирок ар кандай чагымдарга алдырбоого, ага жол бербөөгө чакырды.

Бүгүн, 4-июлда президент Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Баткенге барган.

Президенттин сапарынын алдында Ак-Сай айылынын жашоочулары 3-июлда кечке жуук Исфара-Ворух жолун бууп, жол 4-июлда түнкү саат экилерде ачылды. Буга аксайлык ишкерди тажикстандык жаран сабап качып кеткени түрткү бергени айтылган. Тажикстандын окуя боюнча позициясы азырынча белгисиз. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (38)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG