Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

КП Атамбаевдин тарапкерлеринин кайрылуусун өндүрүшкө ала элек


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Конституциялык палата Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү, депутаттар Ирина Карамушкина, Карамат Орозова жана Асел Кодуранованын кайрылуусун өндүрүшкө ала элек.

Бул тууралуу “Азаттыкка” палатанын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эл өкүлдөрүнүн кайрылуусу Конституциялык палатага келип түшкөн жана каттоого алынган. Соттордун коллегиясына жөнөтүлгөн. Азырынча кайрылууну өндүрүшкө алуу же баш тартуу боюнча Конституциялык палата чечим чыгара элек.

Аты аталган депутаттар баштаган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары андан экс-президент макамынын алынышы, буга байланыштуу депутаттык комиссиянын түзүлүшүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага 25-июнда кайрылган.

Алар “президенттин макамы жөнүндө мыйзам артка иштөө күчүнө ээ болбошу керектигин, кол тийбестикти алуу менен конституциялык нормалар бузулганын жана Жогорку Кеңештин регламентинде экс-президентти айыптоо тууралуу маселени кароо боюнча процедура жоктугун” белгилеп келет.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевден “экс-президент” макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берген. Бул чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Парламент сессиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу өткөргөн басма сөз жыйынында ЖК төрагасы Дастан Жумабеков кол тийбестикти алууда регламент бузулбаганын, кабыл алган мыйзамдары үчүн депутаттар жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG