Лондондун соту Казакстандын сенатынын төрайымы, экс-президенттин кызы Дарига Назарбаеванын уулу Айсултанды күрөөгө бошотту.
Айсултан Назарбаев 4-июлда Британияда өз жанын кыюуга жолтоо болду деген полиция кызматкерин тиштеп алганы тууралуу дооматты четке какканын "Court News" сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, сот Айсултан Назарбаевди «ооруканада дарылануу» шарты менен күрөөгө бошоткон.
Бул иш боюнча кийинки отурум 2020-жылдын 20-мартында өтөт.
Айсултан Назарбаев 5-июнда баңгизат колдонгон абалда полиция кызматкерине кол салган деп айыпталууда.