Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Бажы кызматы 23 кызматкердин иштен кеткенин ырастады


Кыргызстандын Мамлекеттик Бажы кызматы 23 кызматкердин иштен кеткенин ырастады.

Мекеменин басма сөз катчысы Жаманак Мусуркановдун "Азаттыкка" билдиришинче, 2018-жылы өкмөттүн чечимине ылайык, ошол кездеги жетекчилик 89 штаттык бирдикти кыскартуу тууралуу буйрук чыгарган. Алардын теңинен көбү буга чейин иштен кеткен же бош орундарга жайгаштырылган. Андан калган 23 киши буйрукка ылайык эми жумуштан алынды:

"2018-жылы штаттык бирдикти кыскартуу тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Ошондо 89 кишини Бажы кызматынын ал учурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов штаты жана кызмат орду менен кыскартып салган. Ошондо булар автоматтык түрдө кадрлар тескемесинде (распоряжение кадров) туруп калышкан. Акырындап пенсияга кеткендердин ордуна алынып отуруп, азыр эми орун жок. Бул жерде Мамлекеттик Бажы кызматынын эч кандай күнөөсү жок".

Буга чейин Бажыда иштеген бир катар кызматкерлер өздөрүн мыйзамсыз иштен алуу аракети болуп жатканын айтып, бул үчүн Бажы кызматынын жетекчилигин күнөөлөп чыгышкан. Мекеме өз дарегине айтылгандарды четке каккан.

Кыскартууга туш болгон кызматкерлер өздөрүнүн иштен алынганы мыйзамсыз экенин азыр да кайталап жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG