Ички иштер министрлиги белгисиз жаран Ысык-Көл облусундагы "Хан-Теңири" лагеринин жетекчисинин орун басарын жана ошол жерде иштеген кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып из жашырып кеткенин бүгүн, 5-июлда кабарлады.
Окуя 4-июлда болгону белгиленген. Бири алган жараатынан ошол жерде, ок жеген экинчи киши медициналык жардам көрсөтүү үчүн чек ара тозотуна алынып келаткан кезде каза болгон.
“Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы, Түп районунун 33 жаштагы И. У. аттуу тургуну ок аткан кишини кармоого аракет кылган. Бирок кылмышка шектүү качып кетүүгө үлгүргөн”, - деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.
Ок аткан "Хан-Теңири" лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын 29 жаштагы Сергей Смирнов аттуу тургуну экени, ал "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип барып ок чыгарганы айтылат.
Милициянын алдын ала маалыматына караганда, кылмыш турмуштук жагдайдан улам келип чыккан.
Аталган факт Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Азыркы учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо жана барымтадагы аялды бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө. Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө иликтөө жана кармоо иш-чараларына жетекчилик кылууда. (КЕ)