Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Ысык-Көл: кылмышка шектүү барымтадагы аялды бошотту


Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы “Хан-Теңири” лагеринде барымтага алынган 48 жаштагы аял базага келди. Ал жабыркаган эмес. Аны кылмышка шектүү Сергей Смирнов өзү коё бергени маалым болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Азырынча кылмышка шектүү кармала элек. Учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери шектүүнү кармоо иштерин жүргүзүп жатат.

Ички иштер министрлиги белгисиз жаран Ысык-Көл облусундагы "Хан-Теңири" лагеринин жетекчисинин орун басарын жана ошол жерде иштеген кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып из жашырып кеткенин бүгүн, 5-июлда кабарлаган. Бири алган жараатынан ошол жерде, ок жеген экинчи киши медициналык жардам көрсөтүү үчүн чек ара тозотуна алынып келаткан кезде каза болгон.

Ок аткан "Хан-Теңири" лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын 29 жаштагы Сергей Смирнов аттуу тургуну экени, ал "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип барып ок чыгарганы айтылат.

Милициянын алдын ала маалыматына караганда, кылмыш турмуштук жагдайдан улам келип чыккан.

Аталган факт Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG