Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Түштүк Калифорнияда катуу жер титирөө болду


Жер силкинүүнүн күчү очогунда 6,4 баллга жетти.
Жер силкинүүнүн күчү очогунда 6,4 баллга жетти.

АКШнын Түштүк Калифорния штатында күчү 6,4 баллга жеткен зилзала катталды. Силкинүүнүн эпкини Лас-Вегаста жана коңшу Невада шаарында сезилди. Курман болгондор тууралуу маалымат жок.

Жаракат алгандардын саны тактала элек. Бир нече үйдө өрт чыгып, Рижкрест шаарындагы оорукананын имаратына доо кеткени кабарланды. Мындай жер титирөө бул штатта 1999-жылы катталган. Анда зилзаланын күчү 7,1 баллга жеткен. Сейсмологдор силкинүү кайталанышы мүмкүн экенин боолгоп жатышат.

XS
SM
MD
LG