Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин карап, аларды 6-сентябрга чейин абакта калтырган чечим чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты. Соттук териштирүү маалында прокурор айыпталуучулардын баш коргоо чарасын дагы эки айга узартууну, жактоочулар бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөн.
Кулматов "Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган" деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго "«Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү "Күнөстүү жээк" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган.
Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчү канааттандырылган эмес. (КЕ)